COVID-19: ӨЛКӨДӨ КЫРДААЛ КАЙРАДАН КУРЧУДУ

№966 10-16-июнь, 2021-ж.

Өлкөдө COVID-19 илдети боюнча кырдаал кайрадан курчуду. 8-июнда Ош облусу, анын ичинде Ош шаары “кызыл аймакка” кошулганын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустары “кызыл аймак” деп, тагыраагы, аталган аймактарда кырдаал кооптуу деп саналып келген. Тизмеге дагы бир облус кошулду. Адистер жарандарга “санитардык эрежелерди сактоого көңүл бургула, бет кап тагынгыла” деп эскертип жатышат.

8-июнга карата расмий маалыматка таянсак, өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус жуктуруп алган 1765 бейтап дарыланып жатат. 33 жарандын абалы канааттандырарлык, 1137 жаран орто оор абалда, 496 жаран оор, 99 жаран өтө оор абалда деп бааланууда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 2016 бейтап бар экени айтылды.

Эскерте кетсек, былтыр жай айларында коронавирус боюнча кырдаал кескин курчуп, илдетти жуктуруп алгандар менен андан каза тапкандардын саны өскөн. Илдетке каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн даярдыгы бүгүн да талкуу чордонунда. Аталган оорунун курмандыктарынын өсүп жатышы тынчсызданууну күчөтүүдө.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо