ДАЙЫНСЫЗ КЕТКЕН ОРХАН ИНАНДЫ ТАБЫЛА ЭЛЕК

№966 10-16-июнь, 2021-ж.

Өлкөдөгү “Сапат” лицейинин мурдагы жетекчиси Орхан Инанды табыла элек. 7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Инандынын жоголушу талкууланды.

Депутаттар Орхан Инанды Түркиянын Бишкектеги элчилигинин имаратында деген маалыматтар текшерилдиби?” деп сурашты эле, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков элчиликке кирүүгө уруксат жок экенин айтты. “Элчиликке кирүү үчүн ошол мамлекеттин президентинин уруксаты керек. Кат менен кайрылдык”,- деди Өмүрзаков.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Түркия 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнөн Орхан Инандыны экстрадициялоону талап кылганын, Кыргыз тарап Инанды Кыргыз өлкөсүнүн жараны экенин айтып баш тартканын билдирди. Учурда Инанды элчиликте кармалып турат” деп айтылып жаткан сөздөр далилсиз экенин, элчилик бул маалыматты четке какканын белгилейт ал.

Парламенттин аталган комитети Орхан Инандыны издөө боюнча жасалып жаткан ишти жетишсиз деп баалады. Бул арада Бишкекте аталган жаранды табуу талаптары менен митингдер өтүп жатат.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 1-июндан бери дайынсыз болууда.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо