ЧАРЧООНУ БАСУУЧУ АСПАП ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

№968 24-30-июнь, 2021-ж.

Жумушта отуруп ар кандай себептерден улам уйку басып же чарчаган убакта кофе да жардам бербей калат. АКШнын Согуштук аба күчтөрү илимий изилдөө лабораториясынын адистери чарчоону жазып, бир сутка бою тынбай иштөөгө жардам берген аспапты иштеп чыгышты. Ал портативдик түзүлүш электр тогунун жардамы менен моюндагы нерв клеткаларын ойготот. Буга чейин жасалып жүргөн электр тогунун жардамы менен нерв клеткаларын ойготуучу транскраниалдык стимуляцияга (tDCS) караганда бул ыкма натыйжалуу жана аз убакыт аларын сыноодон өткөрүп жаткан кызматкерлер белгилешет. Сыноого өз каалоосу менен 40 адам катышып, 34 саат жүргүзүлгөн. Нерв клеткаларын ойготуу ыкмасы колдонулгандан кийин 12-15-саатта алардын ишке болгон жөндөмдүүлүгү өтө жогорулаган.

Транскраниалдык стимуляция адистин көзөмөлүндө башка орнотулуп, баш сөөктүн, мээнин бөлүктөрүнөн өтүп барып, анан норадреналин менен сергектик гормонун ойготот. Бул жарым саат убакытты алса, портативдик түзүлүштөгү VNS-терапиясын адам өзү эле 6 мүнөттүн ичинде жүргүзө алат.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо