БИШКЕКТИ КИЧИ АВТОБУСТАРДАН АРЫЛТУУ СУНУШУ КАРАЛАТ

№968 24-30-июнь, 2021-ж.

Бишкектин ичине жүргүнчү ташыган кичи автобустарды киргизбөө сунушу кайра каралат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Өзбекстандан күтүлүп жаткан 350 автобус толук келген соң шаарды “маршруткалардан” арылтуу демилгеси караларын айтат шаар жетекчиси. Шаардын борбордук бөлүгүндө автобус жана троллейбустар жүргүнчү ташып, кичи автобустар шаар сыртындагы жаңы конуштарды тейлеп баштамакчы.

22-июнга карата Өзбекстандан 50 автобус алынып келинип, ишке киргизилди. Жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү 1 апта бекер ташый турганы да айтылды. Калганы 2021-жылдын октябрына чейин алынып келинери күтүлүүдө.

Бишкекти кичи автобустардан тазалоо демилгеси буга чейин да көп жолу көтөрүлүп, ишке ашпай келет. Бул жолку аракеттин жыйынтыгы саналуу айлардан кийин көрүнөт.

Жакында Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары бир нече күн ишке чыкпай, жарандарга ыңгайсыздык жаратышты. Алардын жол кирени көтөрүү талабы аткарыла элек, маселени Бишкек шаардык кеңешинин 11-июлда жаңы шайланып келчү депутаттары карашмакчы.


Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо