КОРОНАВИРУС: КЫТАЙДАН КЕЛЧҮ ВАКЦИНА КЕЧИГҮҮДӨ

№969 1-7-июль, 2021-ж.

COVID-19 илдетине каршы Кытайдан Кыргызстанга алып келинчү вакцина кечигүүдө. Кечигип жатышынын себеби боюнча расмий маалымат айтылган жок.

2021-жылдын май айында Кытай Кыргыз өлкөсүнө акысыз 150 миң доза Sinopharm вакцинасын (экинчи партиясы) берүүнү убадалаган. Кыргыздын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги вакцина 20-июнга чейин келет деп билдирген. Кийинчерээк 28-июнга чейин келери айтылган эле.

26-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, анда ушул маселени талкуулашты. Элчи вакцина жеткирүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирген. 29-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кытайдан вакцина июль айынын ортосунда келет деп маалымдады.

Быйыл март айында Кытайдан 150 миң доза Sinopharm вакцинасы, апрелде 20 миң доза Спутник V вакцинасы алып келинип, калкты эмдөө башталган. Расмий маалыматка таянсак, 27-июнга карата өлкөдө жалпы 106 499 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Эмдөө акциясы пассивдүү жүрүп жатканы байкалат. Мисалы, бүгүнкү күнгө карата Казакстанда 3 миллионго жакын адам эмделгени айтылды. Адистер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү – илдетти жуктуруп алуу жана андан каза болуу тобокелдигин азайтат деп коңгуроо кагып жатышат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо