№969 1-7-июль, 2021-ж.
Лондондо өткөн кинофестивалда "Мунабия" тасмасы баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын режиссёру Таалайбек Кулмендеев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, аталган тасма Eurasian Creative Guild эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип, "Эң мыкты көркөм фильм" наамына татыган. Эскерте кетсек, тасма 2018-жылы Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында баш байгени жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |