НАЗАРБАЕВ “КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ 30 ЖЫЛДЫ ТЕККЕ КЕТИРДИ” ДЕЙТ

№970 8-14-июль, 2021-ж.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев “30 жыл ичинде Кыргызстанда эч нерсе жасалган жок” дейт. Бул тууралуу ал даректүү тасмалардын биринде суроого жооп берип жатып билдирген.

– Биз Батыштагы демократияны максат кылабыз. Учурда жолдун башталышында элебиз. Бир тарапта Кытай, экинчи тарапта Орусия. Эмне, аларда демократия паровоздун алдында баратабы? Бул өлкөлөр бизге күчтүү таасир этет. Демократиянын аралы... Кыргыз өлкөсү. Өкүнүчтүү. Бизге боордош, жакын эл. Ушул 30 жыл аралыгында Кыргыз өлкөсүндө бир нерсе жасалдыбы? Ар бир президентти колдодум. Бул жакка чакырдык, акча, насыя берүүнү сунуштадык. Бирок эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика жашоонун негизи – деди Назарбаев.

Назарбаевдин айтканы жаңылык болбосо да, Кыргыз жеринде талкууга түштү. 30 жыл ичинде экономиканы бутка тургуза албады, тескерисинче талкалады деп эски чиновниктерди жемелөө, аларды жоопкерчиликке тартуу, шайлоолорго катыштырбоо өңдүү талаптар кайра жанданганы байкалат.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо