-

2021-жылдын 1-сентябрынан тарта өлкөдө электр энергиясы боюнча
жаңы тариф иштеп баштай турганы айтылды.
-
7-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 182 миллион метр кубга жетти.
-
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус илдетин жуктуруп алып, дарыланууда.
-
Кочкор районунун Бугучу айылында 150 окуучуга ылайыктуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
-
Парламент депутаты Искендер Матраимов Молдова парламентине шайлоодо КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобун жетектейт.
-
Жакында Кытайдан 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы алынып келинери айтылды.
-
Кыргызстан менен Азербайжан биргеликте инвестициялык фонд түзөрү расмий маалымдалды.
-
Бишкектин Свердлов районундагы мечиттер санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча текшерилди.
-
Кыргыз жарандарын Орусияга алдоо жолу менен алып кетүүгө шектүү жаран кармалды.
-
7-июлга карата өлкөдө 200 миңден ашык жаран коронавируска каршы эмдөө алганы жарыяланды.
-
УКМК: Бишкектин экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюу беренесинин алкагында өлкө казынасына 30 миллион сом төктү.
-
Абхазиядан Кыргыз жерине автоунааларды мыйзамсыз ташып жүргөн дагы бир канал буулганы айтылды.
-
Айбек Стамов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды.
-
Өлкөдө 1753 адам бөйрөк оорусунан улам учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен гемодиализ аппаратын пайдаланат.
-
Мамлекеттик салык кызматы айдоочуларды 1-сентябрга чейин автоунаа салыгын төлөөгө чакырууда.
-
Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанган партиялардын биринин 3 өкүлү добуш сатып алуу кылмышына шектелип кармалды.
-
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандар 19 пайызга өскөнү маалымдалды.
-
Парламент депутаттары карышкыр, чөө аткандарга сый акынын суммасын көбөйтүү сунушун айтышты.