КУЛПУРТКАН ЧАЧ МАСКАЛАРЫ

№970 8-14-июль, 2021-ж.

Жай мезгилинде күндүн ультра-кызгылт нурлары терини эле эмес, чачты да күйгүзүп, өңүнүн бозорушуна, сынып, кургап кетишине алып барат. Бул убакта чачка да кам көрүү керек экенин айткан “Умай косметик” медициналык борборунун дерматолог-косметологу, трихологу Адинай Исакова масканын түрлөрүн сунуштады.

ЧАЧЫҢЫЗ ТҮШҮП ЖАТСА

1 чай кашык алоэ ширеси

1 аш кашык зайтун майы

1 аш кашык кастор майы

1 жумуртканын сарысы

1 капсуладан А, Е витаминдери

Бардык кошулмаларды аралаштырып, массаждык кыймыл менен чачтын түптөрүнө сүртүп чыгыңыз. 30 мүнөт коюп, жууп алыңыз.

МАЙЛУУ ЧАЧТАР ҮЧҮН

3 аш кашык чопо

5 аш кашык суу

Лимон ширеси

1 капсуладан А, Е витаминдери

Ак, боз, жашыл, көк чопонун порошогун бардык дарыканалардан сатып алсаңыз болот. Чопону сууга аралаштырып, үстүнө лимон ширесинен тамчылатып,
А, Е витамининен кошосуз. Чачтын түптөрүнө, чачка сүртүп 30 мүнөт коюп, жууп салыңыз.

КУРГАК ЧАЧТАР ҮЧҮН

1 даана бадыраң

150 миллилитр каймак

Бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп, каймак кошобуз. Аралаштырып алып чачка сүртүп, үстүнөн душка кийүүчү баш кийим кийүү керек. 30 мүнөт коюп, таза жууп салыңыз.

Какачтап жатса

250 миллилитр айран

2 даана жумуртка

Айран менен жумуртканы жакшылап аралаштырып, чачтын түптөрүнө, чачка сүртүп 1 саатка коюңуз. Андан соң жууп салыңыз.

Маанилүү! Маскалар таза жуулган ным чачка массаждык кыймыл менен коюлат. Шампунду колдонуп таза жууп саласыз. Аптасына 2 жолу колдонууга болот. 10 жолу колдонгондон кийин бир ай тыныгуу керек. Көйгөйдүн алдын алуу үчүн айына 2 жолу колдонсоңуз болот.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо