БИШКЕК, ОШ, ТОКМОК ШААРЛАРЫНА КАЙРА ШАЙЛОО ӨТТҮ

№971 15-21-июль, 2021-ж.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өттү. БШКнын алдын ала жыйынтыгына таянсак, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 7 пайыздык босого чегин 6 партия басып өттү. Алар: “Эмгек” (18,19 пайыз), “Ата Журт Кыргызстан” (14,33 пайыз), “Ишеним” (12,46 пайыз), “Ынтымак” (10,77 пайыз), “Өнүгүү-Прогресс” (8,11 пайыз) жана “Социал-демократтар” (8,08 пайыз).

Ош шаардык кеңешине шайлоодо 4 партия озуп чыкты. “Ата Журт Кыргызстан” (38,17 пайыз), “Биздин Кыргызстан” (32,21 пайыз), “Улуттар биримдиги” (15,36 пайыз) жана “Бир бол” (8,91 пайыз).

Токмок шаардык кеңешине ат салышууда 5 партия босоголук чекти ашып өттү деп маалымдалды. Алар: “Бирге-Вместе” (28,27 пайыз), “Эмгек” (24,82 пайыз), “Асыл мурас жаштар” (16,66 пайыз), “Патриот ынтымагы” (13,69 пайыз) жана “Эл биримдиги” (12,13 пайыз) партиялары. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 24-июлга чейин жарыяланары күтүлүүдө.

Үч шаарда добуш берүүгө катышкандардын саны 188 396 жаранды же шайлоочулардын жалпы санынын 30,51 пайызын түзгөнү айтылды. Бишкекте шайлоочулардын 24,54 пайызы, Ошто 43,69 пайызы, Токмокто 44,55 пайызы добуш берүүгө катышты.

Шайлоо күнү БШКга жалпы 34 даттануу түшкөн. Бул добуш сатып алуу, шайлоочуларды шайлоо тилкесине массалык түрдө ташуу, үгүт иштеринин талаптарын бузуу фактысы катталганы тууралуу түшкөн арыздануулар. ИИМге 67 арыз түшкөн, кайрылуулар териштирилүүдө.

Жарышка катышкан айрым партиялар шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп чыгышты. Мисалы, Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан “Реформа”, “Туран” партиялары борбор шаарда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады.

Айта кетсек, быйыл 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөн. “Одоно мыйзам бузуулар менен өттү” деп аталган 3 шаарда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалган эле.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо