М-Вектор: САДЫР ЖАПАРОВГО ЭЛДИН 80 ПАЙЫЗЫ ИШЕНЕТ

№971 15-21-июль, 2021-ж.

М-Вектор консалтинг агенттиги Кыргыз өлкөсүндө кезектеги иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Маалыматта азыркы бийликке жарандардын ишеними тууралуу сурамжылоо жүргүзүлгөнү айтылат. Мисалы, сурамжылоого катышкандардын 80 пайызы президент Садыр Жапаровго ишенерин билдиришкен. Ал эми “ишенбейм” деп жооп узаткандар 6 пайызды түзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын 69 пайызы парламентке, 61 пайызы сотторго, 51 пайызы прокуратурага, 47 пайызы милицияга ишенбей турганын айтышкан. УКМКга ишенем дегендер 49 пайызды түзгөн. Саясий партияларга ишенбей турганын билдиргендер 70 пайызды түздү.

Компания өкүлдөрү сурамжылоонун жыйынтыгынан улам азыркы бийликке карата элдин ишенимин “жогору” деп баалады. Эл көбүрөөк ишенет деп армия жана диний уюмдар белгиленет. Ал эми укук коргоо органдарына ишеним төмөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,84 пайыз добушу менен президент болуп шайланган.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо