БИР БҮРКҮМ. МОСКВАДА МИГРАНТТАР МУШТАШТЫ...

№971 15-21-июль, 2021-ж.

  • Кемпир-Абад суу сактагычына 11-июлда 17 жаштагы жигит чөгүп кетип каза болду.
  • Өлкөдө июнь айында 5907 жаран пенсияга чыкканы айтылды.
  • Нуруйпа Муканова Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы катчысы болуп дайындалды.
  • Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу: "Инандыны Бишкектен Кыргыздын 3 жараны уурдаган".
  • Өлкө аймагында 15-19-июль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт.
  • Улуттук статистика комитети: 2021-жылдын 1-январына карата Кыргыз элинин саны 6 миллион 637 миң.
  • Мамлекеттик бажы кызматы: Кытайдан жүк алып келүүнү көбөйтүү үчүн аталган өлкө менен сүйлөшүү жүрүп жатат.
  • 13-июлга караган түнү Москвада кыргыз-тажик жарандары ортосунда массалык мушташ орун алып, ондогон жарандар кармалышты.
  • Кокустан кылмыш кылып, абакта отурган жарандардын шайлоолордо добуш берүүсүнө уруксат берүү сунушталууда.
  • Тажикстанда “чек арадан мыйзамсыз өттү” деп Кыргыздын 4 жараны кармалып, алардын бири 5 жылга соттолду.
  • 2021-жылдын 6 айында өлкө казынасына 80 миллиард 767 миллион сом киреше түштү, бул 2020-жылдын 6 айындагыдан 28 миллиард сомго көп.
  • “Кумтөр” боюнча кармалып УКМКнын тергөө абагына киргизилген экс-чиновник Данияр Нарымбаев ооруканага жаткырылды.
  • Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • 13-июлга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 360 миллион метр куб суу бар.
  • "Манас" аэропортунда унаа токтотуучу жайдагы акысыз берилген 15 мүнөт 20-июлдан тартып жокко чыгарылат.
  • Заир Чокоев экономика жана финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору болуп дайындалды.
  • Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 500 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөттү.
  • Ысык-Көлдөгү Корумду-Балбай жолун оңдоо иши 2022-жылы башталары маалымдалды.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо