ЧАЧТЫ БЕКЕМДЕП, АЗЫКТАНДЫРУУ ҮЧҮН...

№971 15-21-июль, 2021-ж.

Сулуулук, жаштык, узак жашоо тууралуу темалар ар дайым актуалдуу эмеспи. Чач болсо сулуулуктун маанилүү бир бөлүгү. Ошондуктан ага кам көрүүнү унутта калтырбай өткөн сандагы теманы улай бардык чач түрүнө ылайыктуу азыктандыруучу, нымдаштыруучу, бекемдөөчү маскаларга токтолдук. “Умай косметик” медициналык борборунун дерматолог-косметологу, трихологу Адинай Исакова кеңеш берет.

ЧАЧТЫН ӨСҮШҮНӨ, ТҮЗҮЛҮШҮНӨ ЭМНЕЛЕР ТААСИР ЭТЕТ?

  • Тамактануу жана жашоо образы
  • Стресс
  • Гормоналдык фон
  • Өнөкөт оорулар
  • Тукум куучулук
  • Чач жасалгалоонун аз-көптүгү

Булар менен катар төп келген шампунь, бальзам тандап, ар кандай маска, майларды колдонуу менен туура кам көргөн учурда чач кулпуруп рахматын айтат.

АЗЫКТАНДЫРУУЧУ МАСКА

2 аш кашык МАЙОНЕЗ

1 даана ЖУМУРТКА

2 аш кашык ЗАЙТУН МАЙЫ

Эс алуу күндөрү маска жасаган ыңгайлуу. Кошулмаларды бирдей массага келгенче жакшылап аралаштырып, чачтын түбүнөн баштап учуна чейин сүртүп чыгыңыз. Эки саатка коюп, шампунь менен таза жууп салыңыз. Чачыңыз калың же узун болсо кошулмаларды көбөйтүп алыңыз.

АЗЫКТАНДЫРУУЧУ ЖАНА НЫМДАШТЫРУУЧУ МАСКА

1 даана БАНАН

1 даана ЖУМУРТКА

1 аш кашык БАЛ

Жакшы бышкан бананды вилка менен эзип, үстүнө жумуртка менен балды кошуп аралаштыруу керек. Чачка сүртүп, жарым саатан кийин жууп салыңыз.

ЧАЧТЫ БЕКЕМДӨӨЧҮ МАСКА

2 аш кашык БАЛ

4 аш кашык ЧАЛКАН КАЙНАТМАСЫ

Бал менен чалкан кайнатмасын аралаштырып, чачтын түбүнө укалоо менен сүртүп чыгабыз. Бул масканы жылуу кармоо керек. 20-30 мүнөт коюп, шампунь менен таза жууп, бальзам да колдонгонду унутпаңыз.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо