«BTS’тин» ИНИСИ – «ТХТ»

№971 15-21-июль, 2021-ж.

Гезиттин Инстаграм желесиндеги @super_info_official баракчасына “ТХТ” тобу тууралуу жазыңыздарчы” деген суранычтар көп келет. K-pop күйөрмандарынын музыкадагы табитин таап, алардын колдоосуна ээ болуу оңой иш эмес. Жаш жигиттерден куралган “ТХТ” корей музыкасынан өз ордун таба алды, тапмак турсун элинин маданиятын чет жерге жайылтууга жаңыдан кадам таштап жаткан чагы.

Мекени:
Түштүк Корея

Дебют: 2019-жыл, 4-март

Лейбл: Big Hit Entertainment

Курамы: Чве Субин (топтун лидери), Чве Ёнжун, Чве Бомгю, Кан Тэхён, Хюнин Кай

Белгилүү ырлары: «Crown», «Cat & Dog», «Run Away», «Angel or Devil», «Can’t You See Me?», «Blue Hour», «I Know I Love You» жана башка

“АР БАШКАБЫЗ, БИРОК БИРГЕБИЗ”

Жаштардын оозунан түшпөгөн “ВТS” тобунун “атасы” “Big Hit” компаниясы экенин билсеңиз керек. “ВТS” 2013-жылы дебют кылгандан 6 жылдан кийин гана компания мырзалардан куралган экинчи долбоорун сахнага чыгарды. “BTS’тин” иниси болуп калган “ТХТ” тобунун чечмелениши “Tomorrow X Together” – англис тилинен которгондо “Эртең X Бирге” дегенди билдирет. Топтун жигиттери ар бири өзгөчө, ар башка мүнөзгө ээ инсандар. Бирок алар биригип эртеңкиге, келечекке бир максат коюп, алдыга умтулса ийгиликке тез жетет. “ТХТ” ар башкабыз, бирок биргебиз деген концепцияны карманат”,- дейт топтун агенттиги.

“ВТS’тен” АШАБЫ ЖЕ?..

“ТХТ” тобунун ырчылары музыкалык компаниянын эшигин какканда бардыгы өспүрүм куракта эле. Бир нече жылдык стажировкадан кийин сахнага чыккан жигиттердин эң улуусу учурда 22 жашта болсо, кичүүсү 19да. Топтун тез арада популярдуулукту багынтканына “агаларынын” атагы да салым кошкону шексиз. Бул жаш таланттар “ВТS” жеткен ийгиликке жетеби же алардын көлөкөсүнөн чыкпай калабы, аны убакыт көрсөтөт. Азырынча топ туура багытта карьералык тепкичте акырындан жогорулап бара жатат.

ДЕБЮТ

“Big Hit’тин” негиздөөчүсү Бан Ши Хёк 2017-жылы дагы бир топ түзүү идеясы бар экенин айткан эле. Ал идея ишке ашырылышы үчүн 2 жыл убакыт керектелди. Расмий түрдө дебют жасаардан мурун топтун ишмердүүлүгүнө арналган Tomorrow X Together сайты ачылган. Ал жерден ырчы жигиттер тууралуу маалыматтарды, видеороликтерди тапсаңыз болот. Топтун дебюттук альбомунун аталышы «The dream chapter. Star» экени белгилүү болду. “ВТS” сындуу топту чыгарган компаниянын кезектеги музыкалык тобуна кызыккандар көп эле. Андыктан алардын альбому жарыкка чыга электе эле алдын ала буюртма бергендердин саны 100 миңден ашкан. 2019-жылдын 4-мартында дебют кылган топ 1 жумага жетпей ар кандай сыйлыктарды ала баштаган. Жаш ырчыларга АКШ, Европа мамлекеттеринен да кызыккандар көп болуп, топ ошол эле жылы чакан гастролдук тур менен бир нече өлкөнү кыдырып келген.

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
18.01.2022. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойлору туура эмес.Субин-185,Хюнин Кай-183, Ёнджун-182, Бомгю-180, Техён-177
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо