БИР БҮРКҮМ. КАРЫШКЫР АДАМГА КОЛ САЛДЫ...

№972 22-28-июль, 2021-ж.

  • Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 11-июлда болгон кайра шайлоолорду аталган шаардык, аймактык шайлоо комиссиялары өттү деп тааныды.
  • Аксыда сел агызып кетип, 12-июлдан бери изделип жаткан 5 жашар баланын денеси 18-июль күнү табылды.
  • Улуттук энергетикалык холдинг: Пландык оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга бүттү.
  • БШК: Токмок шаардык кеңешине шайлоодогу добуштар кайра саналбайт.
  • Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылында 17-июлдан 18-июлга караган түнү карышкыр адамдарга кол салып, 2 тургун жаракат алды.
  • Улуттук статистика комитети: 2021-жылдын 6 айында Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга 154 миллион долларлык товар экспорттолду.
  • Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташып бараткандар кармалганын 19-июлда УКМКдан билдиришти.
  • Бишкекте 1 аптада 4277 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
  • 20-июлда Ош облусунун Алай районунда жер титиреди, жабыр тарткандар жана кыйроолор жок.
  • Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 12 жашар кыздын жансыз денеси табылды.
  • 21-июлга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 590 миллион метр куб суу бар.
  • УКМК: Нарында майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду.
  • Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылганы жаткан жеринен 1 тоннадан ашык автоунаа катализаторлору колго түшүрүлдү.
  • Банктардан насыя алган кардарлар 21-июлда үстөк пайызын азайтуу талаптары менен Бишкекте митингге чыгышты.
  • Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы: Быйыл июль-август айларында өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы 6-10 пайызга кымбатташы мүмкүн.
  • Баткендин Максат айылында быйыл апрель айындагы куралдуу кол салууда талкаланган мектеп калыбына келтирилгени айтылды.
  • Коронавирус илдетинен улам дарыланып жаткан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жумушка чыкты.
  • Чолпон-Атада 19-20-август күндөрү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтөрү күтүлүүдө.
  • Сотторду тандоо кеңеши Чүй облустук сотунун 1 судьялык кызмат ордуна сынак жарыялады.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо