ПРЕЗИДЕНТ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

№972 22-28-июль, 2021-ж.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Президенттик администрациянын билдиришинче, жолугушууда өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаал талкууланат.

Белгилей кетсек, 2020-жылкы октябрь окуяларынан улам парламенттин 6-чакырылышы өз мөөнөтүнөн ашык иштеп жатат. Быйыл күздө жаңыдан парламенттик шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Айрым маалыматтарда шайлоону өткөрүүнү 2022-жылдын жаз айларына жылдырылышы мүмкүн деген сөздөр да айтылып жатат. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулады. Демилгечи – өлкө президенти. Жаңы мыйзамга ылайык, парламентке 90 депутат шайланат. Алардын 55ин партиялык тизме менен, калган 35ин бир мандаттуу округдардан шайлоо сунушталууда. Айрым депутаттар партиялык тизме менен шайланууда партия лидерлери монополиялык принципке жол бербегидей, парламентке ар бир аймактан өкүлдөр келе алгыдай шарт түзүү керектигин белгилешти.

Гезит басууга кетерде мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында жолугушуу башталган.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо