“АТА-БЕЙИТТЕГИ” ТҮНДҮК ЧУУ ЖАРАТТЫ

№972 22-28-июль, 2021-ж.

Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги түндүк жерде жатканын Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов жазып чыкты. Ал комплекстин архитектуралык долбоорунун автору Улан Бейшеналиевге интернет аркылуу кайрылды.

– Түндүктү көтөрүү талабы менен көптөгөн кайрылуулар болду деп жатасыз. Комплекс ачылгандан бери өткөн 8 жылдын ичинде коом тарабынан мындай талаптарды уга элекмин. Түндүк жерде жаткан эмес, бийиктиги жарым метрден кем эмес мраморго орнотулган. Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсү түбөлүктүү үй, ал эми түндүк бул үйдүн чатыры. Эң негизгиси, Айтматовдун мүрзөсүндөгү түндүктүн айынан элибизде көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экендигинен шек санайм. Сиздин сөзүңүз боюнча түндүк ырыгытылган эмес. Мына сиз ансыз деле ачык эле калп айтып жатасыз. Мүрзөдөн алынган түндүк комплекстин жанындагы жерге ыргытылган,- деп билдирген Аскар Айтматов түндүктүн жерде жаткан сүрөтүн жарыялаган.

Эскерте кетсек, буга чейин “Ата-Бейиттеги” түндүктү белгисиз бирөөлөр ордунан алып салышканы тууралуу маалымат тараган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги түндүк атайын алынганын, аны мурдагыдан бийигирээк кылып орнотуу пландалып жатканын билдирген. Муну “түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу үчүн” деп түшүндүргөн эле.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо