БЫЙЫЛКЫ АЖЫЛЫК САПАРГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

№972 22-28-июль, 2021-ж.

Быйыл ажылыкка жана умрага барууга расмий тыюу салынды. Бул тууралуу 20-июлда муфтияттан билдиришти. Ажылыкка уруксат жоктугу тууралуу Сауд Арабиясынан расмий кат келгени белгилүү болду.

– Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдиктерге, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына дагы ажылыкка жана умрага барууга тыюу салынды. Катта алар (ред.: Сауд Арабиясы) сырттан келгендерге уруксат берилбегенин кабарлашты. Алар болгону Сауд Арабиясынын жарандарын жана 60 миң гана кишиге уруксат берилгенин билдиришти,- деди муфтияттын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, ушуну менен экинчи жылы катарынан ажылык сапарга уруксат берилген жок. Былтыр COVID-19 пандемиясы башталып, дүйнө жүзү боюнча өлкөлөр катаал карантиндик чектөөлөрдү киргизген. Алардын катарында Сауд Арабиясы да бар болчу. Ошол себептүү Кыргыз өлкөсүндөгү зыяратчылар да пландалган ажылык сапарга барбай калышкан. Алардан топтолгон акча боюнча ызы-чуу тутанып, териштирүү соңуна чыга элек.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо