“КУМТӨР” БОЮНЧА ТЕМИР САРИЕВ КАРМАЛДЫ

№974 5-11-август, 2021-ж.

Экс-премьер Темир Сариев “Кумтөр” боюнча кылмыш ишинин алкагында 3-август күнү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

– Тергөө ишинин жыйынтыгына жана тийиштүү далилдерге таянып өлкөнүн мурдагы премьер-министри Темир Сариевди УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими кабыл алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта "Кумтөр" кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды. Сариев камакка алынгандан кийин мекемелер аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат,- деп айтылат маалыматта.

Жакын арада Бишкектин Биринчи Май райондук соту Темир Сариевдин баш коргоо чарасын аныктайт. УКМК Сариев айыпталган эпизоддор боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилерин билдирди.

Темир Сариев 2010-жылдан кийин экономика министри, өкмөт жетекчиси болуп иштеген. “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы да болгон.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо