Камчыбек Ташиев: “ПРЕЗИДЕНТ ЭКӨӨБҮЗДҮ КАРАЛАП ЖАТЫШАТ”

№974 5-11-август, 2021-ж.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык желедеги жеке баракчасына өзүн кимдир бирөөлөрдөн акча алды деп тараган маалымат жалган экенин жазып, билдирүү калтырды.

– Урматтуу мекендештер!

Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып, күнөөгө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазып элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт.

Эми минтип мен кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча албайм, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат.

Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган-уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш-аракеттерибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат.

Буюрса, Кыргыз өлкөбүздү гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз,- деп жазды Камчыбек Ташиев.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо