УЧАСТКАЛЫК МИЛИЦИОНЕРГЕ БИЗНЕСТИ ТЕКШЕРТҮҮ ДЕМИЛГЕСИ СЫНГА КАБЫЛДЫ

№975 12-18-август, 2021-ж.

Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш участкалык милиционерге бизнести текшерүү укугун берүүгө каршы. Бул тууралуу аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова билдирүү жасады. Муканова участкалык милиционер ишкердикти көзөмөлдөбөй, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу менен алектениши керек деген пикирде.

– Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү коррупциялашып кеткендиктен 2010-жылы ИИМдин бул функциясы Финансы полициясына өткөрүлүп берилген. Жакында коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөп кеткендигинен улам Финпол жана Коррупцияга каршы кызмат жоюлду,- деп айтылат билдирүүдө. Участкалык милиционерге бизнести көзөмөлдөө укугун берүү ИИМ системинде коррупциялык схемаларды түзүүгө жол ачат дейт аталган кеңеш.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров экономикалык кылмыштуулукту иликтөө боюнча участкалык милиционерге кошумча укук берүүнү демилгелеп чыккан эле. Тагыраагы, участкалык милиционер лицензия, уруксат кагаздарын берүү жаатындагы экономикалык кылмыштарды аныктоого жана токтотууга катышат деген норма сунушталууда. ИИМге бул жаатта тийиштүү документтерди даярдоо тапшырмасын берген. Тапшырманы аткаруу алкагында атайын жумушчу топ түзүлүп, 4-август күнү топтун биринчи жыйыны өттү.

9-август күнү Экономика жана финансы министрлиги аталган маселе изилденип жатканын билдирип, ишкерлерди көмүскө экономикага каршы күрөшүү аракетине активдүү катышууга чакырды. “Биздин максат – ишкерликке бут тосуу эмес, мыйзамдуу иштеген ишкерлерди колдоо”,- дейт министрлик.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо