КЫРГЫЗСТАН ТҮРКМӨНСТАНДАН ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫН АЛАТ

№975 12-18-август, 2021-ж.

Кыргыз өлкөсү Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Тийиштүү келишимге Кыргыздын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койду.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки мамлекеттик жетекчилери Кыргыз жергесине электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.

"Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызга 501,9 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган келишим боюнча, 19 миллион 200 миң киловатт-саат электр энергиясы экспорттолду. Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргыз жергесине жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө", - дешти министрликтен.

Буга чейин Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча макулдашкан. Кыш мезгилинде импорттогон электр энергиясын мамлекет атайын графикке ылайык жай мезгилинде кайтарып берүүгө тийиш. Мисалы, Казакстан 2021-жылдын март айынан ноябрга чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр жарыгын берет. Өзбекстан 2021-жылдын мартынан 2022-жылдын апрель айына чейин 750 миллион киловатт-саат электр кубатын бермекчи. Кыргызстан жалпы 1 миллиард 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алат. Келишимге ылайык, Кыргыз тарап 2021-2023-жылдары июнь-август айларында аталган мамлекеттерге 550 миллион киловатт-саатка чейин электр жарыгын кайтарып бериши керек.


Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо