АЛЕКСАНДР ЛУКАШЕНКО ПРЕЗИДЕНТТИКТЕН КЕТЕРИН БИЛДИРДИ

№975 12-18-август, 2021-ж.

Беларусь президенти Александр Лукашенко жакында кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу Беларусь лидери 9-августта журналисттер жана коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. “Лукашенко качан кетет деп талкуулоонун кереги жок, абдан жакында”,- деди ал.

Ордуна келиши мүмкүн болгон адамдын атын айтуудан баш тартты. Тандоо элдин колунда экенин, беларусь эли кимди тандаса, ошол адам өлкө башына келерин билдирди. Айрым эксперттер Лукашенко кызматтан кетүүнү чечсе, ордуна анын уулу Виктор Лукашенко шайланып келиши мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Мындан башка да 2-3 адамдын ысымдары аталууда.

Беларуста 2020-жылдын 9-августунда өткөн кезектеги президенттик шайлоодон кийин бир нече ай нааразычылык акциялары уланды. Митингге чыккандар Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылышкан. Бул окуядан кийин ондогон адамдар кармалып, камалышканы белгилүү.

Айта кетсек, Беларусь Кыргыз өлкөсү менен ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ өңдүү эл аралык уюмдарда мүчө. Өлкөнү Лукашенко 27 жылдан бери башкарып келет.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо