ПАКИСТАНДЫК ТУРИСТТЕР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУ ЖАРАТТЫ

№979 9-15-сентябрь, 2021-ж.

Өлкөдө Пакистан жарандарынын көбөйүшү парламентте да талкууланып жатат. 7-сентябрда парламенттин комитет жыйынында депутаттар Кыргызстанга пакистандык туристтерди чакырган компаниялар ал туристтер боюнча жоопкерчилик алышы керектигин айтып чыгышты. Тагыраагы, өлкөгө келген пакистандыктарды көзөмөлдөшү керек дешти. Ошондой эле алардын келиши менен эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетиши мүмкүн деген пикирлер да айтылды.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев пакистандыктардын келиши эпидемиологиялык кырдаалга таасир этпегенин билдирди.

– Пакистандан келген туристтер электрондук виза алышкан. Анкетаны толтургандан кийин 5 күндүн ичинде УКМК текшерип уруксат берет. УКМКнын уруксатынан кийин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти тастыктама берет. 1-январдан тарта 9 917 адамга виза берилиптир. Алар каттоого алынбайт. Виза бир айга берилгенде Чек ара кызматы өлкөгө кирип-чыгарда мөөр басат. Туристтик компаниялар өздөрү уюштуруп, аларды аэропорттон тосуп алып, автобус менен мейманканага жайгаштырат. Аларды коштоп жүрөт. Ушул маселе боюнча коомчулуктун коопсуздугун карап, виза берүүнү токтотконбуз. Пакистандык, индиялыктарга виза берүү токтотулган. Алардын келиши менен өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оорлошкон эмес, ошондой эле туристтер катышкан чыр-чатак катталган эмес,- дейт Артыкбаев.

Ал эми “Манас” аэропорту пакистандык туристтердин эсебинен 540 миң доллар пайда тапканы айтылды. Бүгүнкү күнгө карата Пакистан, Индия өңдүү мамлекеттерден Кыргызстанга 12 миң жаран учуп келген. Булар өлкөдө убактылуу болуп БАЭ, Орусия сыяктуу мамлекеттерге мигрант катары учуп кетишери айтылып жатат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо