АЙЗАДАНЫН ОКУЯСЫ: КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР 6-7 ЖЫЛГА СОТТОЛУШТУ

№980 16-22-сентябрь, 2021-ж.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы боюнча 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечим чыгарды.

Айыпталып жаткан 5 жаранды сот күнөөлүү деп тапты. Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жарым жылга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга соттолду. Сот буларды жабырлануучу тарапка 100 миң сом (баары биригип) айып төлөөгө милдеттендирди.

Эскерте кетсек, 27 жаштагы Айзада Канатбекованы быйыл жазында Бишкектен ала качып кетишкен. Көп өтпөй анын денеси Бишкекке жакын жердеги айылдардын биринде унаадан табылган. Милициянын маалыматына таянсак, кызды ала качкан жигит анын таанышы болгон. Ал кызды баш кошууга мажбурлап, макул болбой койгондо муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза тапкан деп кабарланган. Жогоруда аты-жөнү аталып, 6-7 жылга соттолгон жарандар кызды ала качууга жардамдашкан адамдар. Кыз ала качуу – кылмыш экенин жарандардын эсине салабыз.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо