КУРСАН АСАНОВ КАРМАЛДЫ

№980 16-22-сентябрь, 2021-ж.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-сентябрда кармалды. ИИМдин маалыматына таянсак, ал 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча кылмышка шектелүүдө.

– Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы реестрге катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу аркылуу бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу Курсан Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди,- деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Курсан Асанов октябрь окуялары боюнча быйыл январь айында кармалып, кийин үй камагына чыгарылган эле. Буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган. Ал өзү күнөөсүз экенин, баарын тарых таразалай турганын айтып келет.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо