БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУЛАРГА РЕЙД ЖҮРҮҮДӨ...

№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.

  • Мамлекеттик салык кызматы автоунаа салыгын төлөй электерди аныктоо үчүн атайын рейд жүргүзө баштады.
  • Венера Рыскулова Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
  • Саясатчылар Мелис Мырзакматов менен Артур Медетбековдун партиялары быйылкы парламенттик шайлоого бирге аттанары айтылды.
  • ЖЭБ иши боюнча 7 жарым жылга соттолгон экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев айыптарды кайра карап чыгууну өтүнүп арыз жазып, сот канааттандырган жок.
  • Парламент депутаты Кубанычбек Нурматов ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кылмышка шектелип УКМК тарабынан кармалды.
  • Бишкектин “Тазалык” ишканасынын директору Рыспек Сарпашев кызматынан бошотулду.
  • Канатбек Исаев бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого талапкер болорун билдирди.
  • Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого Кыргыз жеринде 3 миңден ашык Орус жараны катышканы маалымдалды.
  • Мирбек Расулов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Кыргыз-Тажик чек ара чырында жабыр тарткан 76 ишкерге ар бирине 200 миң сомдон жеңилдетилген насыя берилет.
  • "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев 17-сентябрдан бери ачкачылык жарыялоодо.
  • Жумгалда мал уурдоого шектелип 3 жаран кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышканы айтылды.
  • Дордой конушунда 140 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу башталды.
  • Бишкек-Дели аба каттамы жанданды деп жарыяланды.
  • Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Курсан Асановдун өзгөчө режимдеги №50 тергөө абагына которулушу боюнча тынчсыздануусун билдирип Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду.
  • Ош облусунда 21-сентябрда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясына иш сапары менен барууга даярданууда.
  • Парламенттин айрым депутаттары БШКны "шайлоо мыйзамдарын бузуп жатат" деп сындап чыгышты.
  • Ысык-Көлдө өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо