Садыр Жапаров БУУнун жыйынында: “ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖОЛДОН КАЙТПАЙБЫЗ, БУЛ ЭЛДИН ТАЛАБЫ”

№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн Кыргызстандагы экологиялык маселелерге бурду.

– Тилекке каршы, Кыргызстанда ниети түз эмес инвесторлор ири кирешени көздөп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар,- деген Садыр Жапаров улуттук мыйзамдарга ылайык, Кыргыз бийлиги мындай иштерге бөгөт коюп жатканын, ал эми бузулган экологияны калыбына келтирүү ишин өзү чечүүгө аргасыз экенин билдирди. Мисал катары зыяндуу калдыктарды коопсуз жайга жайгаштыруу, таштандыларды жок кылуу иштерин атады.

Жапаров Кыргызстандын негизги жетишкендиги демократиялык модель жана күчтүү жарандык коом экенин белгилейт.

– Тарыхый ченемдер боюнча 30 жылдык кыска убакытта демократиянын мамлекеттик өнүгүү модели катары калыптанышы жана күчтүү жарандык коом республиканын негизги жетишкендиги болуп саналат. Менимче, мындай баа берүүмө көпчүлүк макул болсо керек. Биз демократиялык жолдон кайтпайбыз деп ишендирип кетким келет. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы,- деди президент.

Президент Кыргызстанда ГЭСтерди куруу иши жанданарын айтты.

– Кыргызстанда ГЭСтерди куруу жаатында долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия мамлекеттеринин гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Суу-энергетика комплексине, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам,- деди президент.

Садыр Жапаров 2022-жылды кайрадан “Эл аралык тоолор жылы” деп жарыялоо, Борбордук Азиянын коопсуздугу менен өнүгүүсүн, келечек планын белгилеп алуу үчүн 2022-жылы Борбордук Азия – БУУ саммитин өткөрүү, эл аралык жүк ташууларда чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү өңдүү сунуштарды берди.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо