№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.
– Тергөөдө Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү аныкталган. Анын жана жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган,- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Туйгунаалы Абдраимов бул маалыматты жарым-жартылай четке какты. “Автоунааларды, кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, кайра саткам. УКМКнын маалыматында анын баары меники деп көрсөтүлүп жатат” дейт ал. Бул окуяны экс-чиновник “менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу болушу мүмкүн” деп атады.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |