БИР БҮРКҮМ. АБА ЫРАЙЫ КЕСКИН ӨЗГӨРӨТ...

№982 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.

  • Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун, Бактыбек Анаркулов Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.
  • Ысык-Көл облустук мамлекеттик каттоо кызматынын директору пара талап кылууга шектелип кармалды.
  • Кыргыз жерине Өзбекстандан күздүк буудайдын 1000 тонна үрөнү алынып келингени маалымдалды.
  • 30-сентябрдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөрү, жаан-чачын күтүлүүдө.
  • Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну мыйзамсыз курал-жарак сактап жүрүүгө шектелип жатат.
  • Бишкектин мектептеринин айрым класстары коронавирус илдетинен улам карантинге жабыла баштады.
  • Казакстандан Кыргызстанга жарандарды мыйзамсыз өткөрүү жолун уюштурган деп шектелип 2 Кыргыз жараны кармалганы айтылды.
  • Мейкинбек Абдалиев, депутат: "Матраимовдун системин жок кылабыз деп бүт бизнести Казакстанга тарттырып жибердик".
  • Расмий маалыматка ылайык, учурда чет жерде 750 миңден ашык Кыргыз мигранты бар деп эсептелет.
  • 29-сентябрда Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүлөт.
  • Орусия Канттагы аскердик базасын абадан коргонуу каражаттары менен бекемдейт деген маалымат чыкты.
  • Президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду.
  • Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев абактан жеке менчик ооруканалардын бирине которулду.
  • Алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү арызын жазды.
  • Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кызматтан кетип, ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Нурадил Баясов дайындалды.
  • Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин курамына кошулары айтылды.
  • Чек ара кызматы: Кыргыз-Кытай чек арасы 1-октябрдан 7-октябрга чейин жабылат.
  • Ош аэропортунда чек ара кызматкерлеринин туруктуу коррупциялык каналы аныкталганын УКМКдан билдиришти.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо