Өмүрбек Текебаев: “КЫРГЫЗДЫН ООГАН БИЙЛИГИНЕ ОЗУНУП КОЛ СУНГАНЫ ТУУРА”

№982 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.

Кыргыз бийлигинин Ооганстандын жаңы бийлигин таанып, кызматташууга аракет кылганы туура. Мындай пикирди “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Бишкекте партиялаштары менен баарлашууда билдирди.

– КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын биринчилерден болуп Ооганстандын бийлиги менен кызматташууга аракет кылганы туура. Бул – Кыргыз өлкөсү улуттук кызыкчылыгы үчүн өз алдынча чечим кабыл ала алат дегенди билдирип, жарандарга дух берет. Ооба, Орусия менен Казакстанды күтүп, алардан кийин ишке өтсөк деле болмок, бирок анда анча мааниге ээ болбой калмак. Ооганстан үчүн Кыргыз өлкөсү алпарган гумжардам көрүнбөй деле калышы мүмкүн, бирок бул символикалуу көрүнүш. Кыргызстан байкуштун образынан кеткени оң. Алгачкы кадам ташталды, эми Кыргыз тарап бул кырдаалдан экономикалык пайда көрүүнүн жолдорун караштырышы керек,- деди саясатчы.

Текебаев эл аралык мамиледе достук, туугандык жок экенин, ар бир мамлекет жеке кызыкчылыгы үчүн күрөшө турганын баса белгиледи. Ооганстанга Кыргыз өлкөсү курулуш каражаты, азык-түлүк жактан карыз берсе болорун да айтат саясатчы.

23-сентябрда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Ооган элине Кыргыздын атынан гуманитардык жардам жеткирип барган. Кабулда Масадыков Ооганстандын премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар менен жолугуп, бир топ маселелер боюнча пикир алышкан.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо