БИШКЕКТЕ 1-НОЯБРДАН ТАРТА ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАЙТ

№982 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.

Бишкекте 1-ноябрдан тарта коомдук унаада жүрүү акысы кымбаттайт. Тийиштүү чечимди 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды.

Жаңы тарифке ылайык, кичи автобустарда жол кире 15 сом, автобус жана троллейбустарда 11 сом болот. Шаардык кеңештин айрым депутаттары жол кире кымбаттаса, анда маршруттук унаалардын техникалык абалы, андагы шарттар жакшырышы керектигин айтышты. “Азыркыдай салонго 40 адамды тыгып алган болбойт” дешти алар.

Буга чейин коомдук унаалардын айдоочулары жол кирени кымбаттатуу талабы менен бир нече жолу иш ташташкан.

Жарандык коомдун пикири эки түрдүү. Жол кирени көтөрүүнү колдогондор да, каршылар дагы бар. Көпчүлүк жарандар мектеп окуучулары үчүн жол акысын 8 сом, 10 сом бойдон калтыруу керек деп коңгуроо кагып жаткан маал.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо