“МЕГАКОМ”: КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК СОТТОН УТТУ

№984 14-20 октябрь, 2021-ж.

2021-жылдын 8-октябрында "Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы" иши боюнча жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылганын министрлер кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдады.

– Доогердин 298 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү компенсация төлөтүү тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж курамы токтом кылгандай, Кыргыз Республикасына инвестиция кылууда доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган,- деп жазылат билдирүүдө.

Доогер Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген. Анда республика доогердин инвестициясын "БиМоКом" ЖЧКга (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген. Борбор белгилегендей, бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат. Аталган чечим Кыргыз Республикасы кыргыз мыйзамдарындагы талаптарды сактоо менен ишке ашырылуучу ак ниет чет элдик инвестициялар үчүн ачык экендигинен кабар берет.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо