АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ: “КЫЗЫЛ-ЖАР ПСИХИАТРИЯЛЫК ООРУКАНАСЫНДА АБАЛ НАЧАР”

№984 14-20 октябрь, 2021-ж.

Аксы районунун Кызыл-Жар айылында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканада бейтаптардын укугу бузулган учурлар бар. Бул тууралуу аталган ооруканага мониторинг жүргүзгөн акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка таянсак, мониторинг учурунда оорукананын кургак учук бөлүмүндө 5 бейтап жаткан. Бейтап таржымалын карап чыгууда, бул бейтаптардын экөөсү дарыланууга жазуу жүзүндөгү макулдугун бербегени аныкталган. Ошого карабастан алар бул мекемеде үч жылдан ашык болушкан. Бул тууралуу акыйкатчы кызматкерлери тиешелүү актыны түзгөнү айтылат маалыматта.

“Ооруканада бейтаптарга шарт түзүлгөн эмес” дейт аталган институт. Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү актылар түзүлдү, алар мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо