ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ӨКҮЛҮ 170 МИҢ СОМ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

№985 21-27 октябрь, 2021-ж.

18-октябрда президенттик администрациянын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына таянсак, кылмышка шектүү – президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов.

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жүргүзгөн. Анда ырайым кылынууга жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга тийиш болгон адамдарды тактоо жана бекитүү тартибинде коррупциянын белгиленген схемасынын түзүлгөнү такталды.

Жооптуу катчы соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечип берүүнү, ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизип берүүнү убадалап жарандардын биринен 170 миң сом талап кылганы айтылат маалыматта. Аталган сумманы алып жаткан учурда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кызматкер “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталып жатат. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо