КОАЛИЦИЯДАН ДАЛЕ ДАЙЫН ЖОК

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.

10-ноябрда жапжаңы депутаттар Ак үйгө чогулушуп, бирок 1-жыйыны болбой калган. Себеби алгачкы жыйын төрага шайлангандан кийин гана болору айтылган. Ал эми төрага парламентте коалиция түзүлгөн соң дайындалат.
Ошентип, өткөн аптада коалиция түзүү милдетин ажо КСДПга тапшырган. Арадан бир апта өтсө да, коалиция кайсы партиялардан куралары белгисиз. Эгерде КСДПнын колунан бул иш келбесе, анда, президенттин айтуусу боюнча, жоопкерчилик “Ата Мекен” партиясына берилет. Учурда көшөгө артындагы сөздөрдү ачыкка чыгарсак, КСДП “Ата Мекен” партиясынын коалицияга кирүүсүн каалаганы менен, бийликтеги маанилүү чылбырды карматууга көңүлдөнбөй турат имиш. Балким, “республикачы” Өмүрбек мырза спикерликти сурап жаткандыр? Же КСДП менен “бабановчулардан” орун ашпай жаткан чыгар?
Шайлоодо канча мандатка ээ болгонуна карабай, ырас, коалицияга бириккен соң бардык партия бирдей укукка, мүмкүнчүлүккө, чечүүчү ролго ээ болгусу келет. Анысы деле туура дечи. Анткени эл маселелерди чечүүнү коалициядан талап кылат да. “Булар көп мандатка ээ, булардан көп жоопкерчилик талап кылалы. Булар аз мандатка ээ, булардан аз эле нерсени талап кылалы” демек беле? “Ата Мекен” акыркы жообун айтпай, ойлонуп турганынын себеби да ушундадыр?
Мындай ич ара “соодалашуунун” узакка созулганы КСДПнын өзүнө эле зыян. Анткени өз убагында коалицияны түзө албай калса, анда “ата мекенчилер” келме кезегин колго алып, башка партиялар менен көпчүлүктү курап алышы да ыктымал.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
20.11.2010. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар иштей албайт.Роза Алмаз Омурбек Кыргызстанды жок кылат.Мусулман дининде аял киши мамлекетти эмес уй булону башкара албайт.мен ишенбейм.
22.11.2010. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу zulya, далили жок сөздөр менен бирөөнү каралоого жол берилбейт. Ушул сөздөрүңүз үчүн беш күнгө бан!
22.11.2010. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртта туруп сындагандан жеңил иш жок. Бизге ушул жоопкерчилик тапшырылса кандай кыларыбызды, буларга азыр кандай татаал болуп жатканын бир Кудай билет. Ошондуктан ийгилик каалап, жакшылык тилеп эле туралы.
23.11.2010. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа, Улуу Кыргызстан - парламенттик система сага канчалык пайда алып келет, онугосунбу же жокпу? Убакыт корсотоор...
23.11.2010. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар-намыс, Репаблик, СДПК болот ко ... аюларды да кандырыш керек да...))))
23.11.2010. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аюулар акчасын бекер бербейт? :)
23.11.2010. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uyat, uyat kyrgyz ach karyshkyr politikteri. Ech toibodunar go siler.
El jurt korgulochu, voobshe bulardy Kyrgyzstandan kuup chygysh kerek.
24.11.2010. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар ушунчалык да чечкинсиз калк болобу...маалкатканды суйобуз да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо