БИР БҮРКҮМ. ОКУУЧУЛАР 1 АПТА ЭС АЛЫШАТ

№986 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.

  • БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду “мыйзам жол бербейт” деп парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты.
  • Техникалык оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек мэриясынын 185 байланыш борбору убактылуу иштебейт.
  • Өзбекстан Баткенге 2 мектеп куруп берет, тийиштүү макулдашууну Жогорку Кеңештин комитети карап,
    жактырды.
  • Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков отставкага кетип, ордуна Адилет Кубанычбеков дайындалды.
  • Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Мунай ташуучулар ассоциациясын күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөөгө чакырды.
  • Учурда Кыргызстанда жумушсуз деп расмий каттоодо тургандардын саны 104 миң жаран.
  • Жакында пара алууга шектелип кармалган президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов кызматтан бошотулду.
  • Канатбек Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кетти.
  • Дастан Догоев кайрадан санариптик өнүгүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
  • Мектеп окуучулары 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алышат.
  • Жалал-Абад шаарында 26-октябрда Баткен согушунун 21 жылдыгы белгиленди.
  • УКМК: Айыл чарба министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Илич жана министрдин мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалды.
  • 2022-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 302,6 миллиард сом деп бекитүү пландалып жатканы айтылды.
  • Кыргызстанда жаңы Салык кодексинин долбоору даярдалып, парламентте талкуудан өтүүдө.
  • Кыргызстан Жаңы жылга чейин толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү көздөөдө.
  • Баткенде Тажикстандын жараны баңгизат менен кармалганы маалымдалды.
  • Ысык-Көлдүн 34 жаштагы тургуну жарандык никедеги жубайын өлтүрдү деп шектелип кармалды.
  • 27-октябрга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 180 865 адамды түздү.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо