БИР БҮРКҮМ. ЭЛ КАТТОО ЖҮРӨТ...

№988 11-17-ноябрь, 2021-ж.

  • 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өлкөдө мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта эл каттоо жүрөрүн Улуттук статистика комитети билдирди.
  • Талапкер Аалы Карашев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, анын арызын БШК канааттандырды.
  • Бишкек шаары 9-ноябрга карата дүйнөдө абасы булганган 5 шаардын катарына кирди.
  • Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары УКМК тарабынан пара алууга шектелип кармалды.
  • Орусиянын Санкт-Петербург шаарында чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда учурда 26 Кыргыз жараны кармалып турганы маалымдалды.
  • УКМК: Ош шаарында “Хизбут Тахрир” экстремисттик уюмунун түштүк аймагы боюнча лидери кармалды.
  • Түрк маданияты жана мурасы фондунун каржылык эрежелери тууралуу макулдашуу ратификацияланды.
  • Нурбек Исмаилов парламентте депутат катары ант берип, кызматына киришти.
  • Парламент депутаттары мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө салым кошкон жарандарга ыраазычылык кат тапшырууну сунушташты.
  • Италияда 9-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги ачылды.
  • Жалал-Абад шаарында абакка баңгизат киргизүү аракетине бөгөт коюлганын ЖАМКдан билдиришти.
  • 11-12-ноябрда президент Садыр Жапаров Стамбулда иш сапары менен болот.
  • Жалал-Абад шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга шектелген аял кармалды.
  • Аксы районунда үйлөрдүн биринен курал-жарак жана Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын терилери табылып, үй ээси кармалды.
  • Бишкекте 2 күндүк рейддин жүрүшүндө коомдук унаалардын айдоочуларына 131 миң сом айып салынганы жарыяланды.
  • Парламент депутаттары ооруканаларда балдарга орун жок калганын, кошумча бөлмөлөрдү ачуу зарылдыгын айтышты.
  • Учурда өлкөдө коронавируска каршы 1361 адам дарыланууда, алардын 233үнүн абалы оор.
  • Кыргызстанда 10-ноябрдан
    10-декабрга чейин "Адам укугунун бир айлыгы" өтөрүн Акыйкатчы институтунан билдиришти.
  • 2020-жылы илимий изилдөө иштерине мамлекеттик казынадан 722 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
  • Казакстан Кыргыз өлкөсү менен Тажикстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтөрү маалымдалды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо