УКМК: КАЛККА ЭҢ ЗАРЫЛ ДАРЫЛАР 68 ПАЙЫЗГА ЧЕЙИН АРЗАНДАТЫЛДЫ

№988 11-17-ноябрь, 2021-ж.

Кыргызстанда калкка эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды. Бул тууралуу 10-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

– Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүшчүлөрдөн 500дөн ашык дары-дармектер аныкталып, алар бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө, чекене баалары мурунку баасынан 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү,- деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо