ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ИЧИП КЕТТИБИ?

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Күбүр-шыбыр кеп уктум...

“Эл турмушун оңдоого аракет жасайбыз” деген жаштардын башын кошуп, шайлоого аттангандардын катарын “Айкөл эл” партиясы толуктаган. Той болот, тойдун эртеси да болот дегендей, шайлоонун жыйынтыгында аталган партия парламентке өтпөй калды. Эл арасында “Байсаловдун партиясы парламентке өтпөй калды, анын үстүнө аппарат жетекчилигинен да кетип калган эле, ошого ичип кетиптир” деп шыпшынгандар көбөйдү. Ал гана эмес, басылмалардын бири “Байсалов ичип кетиптир” деп жазып чыкты.

Кептин чын-бышыгын билүү үчүн кайрылганыбызда Жазгүл аттуу жаркылдаган жубайдын, Акылай деген таттуу кыздын атасы Эдил Байсалов мындай деди:

– Мени ичип кетти дегендерге айтайын дедим эле, жаш болсом да башыма кандай гана кооптуу иштер түшпөдү. Ошондой кыйынчылыктар башка түшкөндө ичип кетпеген, эми сынып калмак белем? Мындан артык кантип актанышым мүмкүн? Ушундай кептерди чыгарган ушакчыларга айла жок экен. Мен Кудайга койдум дебейм, ушакты чыгарган адамдын өзүнө койдум.
Чет жерде жүрүп, тууган-урук­тан алыс болуп кеткен элек. Кай­тып келерим менен саясатка баш-отум менен кириштим. Азыр көрүш­пөгөн жакындарым менен көрүшүп, сүйлөшүп, эс алып жаткан учурум. Шайлоонун жыйынтыгынан улам ичип кетпей эле, сүйүнүп отурам. Анткени өлкөбүздө демократия орноп келе жатат. Бул жолку добуш берүү таза өттү, жыйынтыгын биздин партия тааныды. “Айкөл эл” партиясынын ЖКга кирип алалы деген ою жок болчу. Өзүбүз жаш партиябыз, демек, жасачу иштерибиз алдыда.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(7)
27.11.2010. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдил Байсалов мен сага аябай баа берем азаматсын!Сен аябай тырышчаак адамсын тырышып кудай буюрса баарын женесин,баары алдыда сага ийгилик!
28.11.2010. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iyigilik koshtosun, ech kachan synba! Aitylgan ushakdarga konul burbaganyn abdan jakshy, arabandy aldyga tarta ber.......
28.11.2010. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
== “Айкөл эл” партиясынын ЖКга кирип алалы деген ою жок болчу ==
- Не смеши меня ДАРАГОЙ ))
29.11.2010. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеринизге ийгилик жаш болсонузда аябай конкреттуу суйлойсуз азаматсыз алга эч качан сынбан Кыргыз эли-жери учун кызмат кылын
30.11.2010. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edil Baysalov ichip ketiptir degenge takyr ishenbeym, jon ele chygarylgan soz, bizde bir adam korunup chygyp kele jatsa, basmarlap, artynan ushak aytyp kelgen ataandashtary kop bolot.
Edil Baysalovgo jashtar ishenet jana koldoyt!!! Sizge iygilik...
02.12.2010. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эдил Байсалов сизге кыргыз элим ишенет. Кыргыз элине сиздей патриот, элим жерим деген, эр жигиттер керек!!!
19.02.2011. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяктан акча алып еле жашайт бул патриоттор мен еч тушунбоймун чет елде аталары акча топтоп койгонбу буларга чиновниктерибиз баары чет елге кенири кирип чыгып еле журушот акчаныны кайдан алганына тан каласын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо