БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТ СУРАККА АЛЫНДЫ...

№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.

  • Жалал-Абад шаарында кичи автобустарда жол кире 15 сом болот, шаардык кеңеш чечим кабыл алды.
  • 15-ноябрда кечке жуук Чүй облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Республикалык “СПИД” борбору 19-21-ноябрь күндөрү жарандарды ВИЧке карата акысыз текшерүү акциясын өткөрөт.
  • Башкы прокуратура: Баткен облустук курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион сомдук зыян келтиргени аныкталды.
  • Кара-Суу районунун Кожокелең айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ишке киргизилди.
  • Өлкөдө 2021-жылдын 10 айында 299 миң тонна эт өндүрүлгөнү расмий маалымдалды.
  • Элчибек Жантаев мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды.
  • 15-ноябрда депутат Дастан Бекешев шайлоодогу үгүт ишине байланыштуу УКМКда сурак берди.
  • 16-ноябрда Бишкек-Ош трассасынын Кара-Суу районундагы тилкесинде 3 унаа сүзүшүп, 8 адам каза тапты.
  • Бишкекте сасык тумоо, пневмония менен ооруган балдар көбөйүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алыш күндөрү да иштөөгө өткөнүн мэриядан билдиришти.
  • Өлкөдө 15 жаштан өткөн жарандар коронавируска каршы эмдөө ала башташат.
  • ИИМ: Экстремизмди жайылтуу менен алектенген 63 сайт аныкталды.
  • Күчүнө кирген жаңы мыйзамдын талабына ылайык, 15-ноябрда Кыргызстанда 13 министрликтин статс-катчылары кызматтан бошотулушту.
  • УКМК тарабынан кармалган “Дордой-Дыйкан” базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков мамлекетке 100 миллион сом кайтарганы айтылды.
  • Бишкек ЖЭБине кышында
    1 миллион 650 миң тонна көмүр керектелсе, учурда анын 180 миң тоннага жакыны келип түшкөн.
  • Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев кызматтан бошотулду.
  • “Түндүк электр” ишканасы 16-ноябрдан тарта карызы төлөнө элек 4600дөн ашык абоненттин электр жарыгын өчүрөрүн жарыялады.
  • Депутаттыкка талапкердин тууганы Бишкекте добуш сатып алууга шектелип кармалды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо