САДЫР ЖАПАРОВ “БИЗНЕСТИ КЫСЫМГА АЛУУ ТОКТОДУ” ДЕЙТ

№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.

"Кыргызстанда мамлекеттик органдардын бизнести негизсиз текшерүүсү токтоду". Мындай пикирди 16-ноябрда Бишкекте өткөн Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

– Чоң системдүү өзгөрүүлөр болуп жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы ченемдер киргизилди. Бизнес коомчулугу, билим берүү мекемелери артыкчылыктуу иштерди сунушташууда. Көптөгөн демилгелер мыйзамдарга байланыштуу. Ишкерликти коргоо боюнча эки жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын бизнести негизсиз текшерүүсүн токтото алдык. Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык иштерге аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп тесттен өтүшү зарыл,- деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоодо да коррупцияга жол бербөө аракети күчүндө экенин айтты.

– Шайлоодо алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш. Паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка гана түртөт. Революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары Кыргыз мамлекетинин ар бир жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз,- дейт ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын июнь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлуп, ордуна Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеш түзүлгөн.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо