КӨМҮРДҮН БААСЫ БИШКЕКТЕ 3 МИҢ СОМГО ТҮШТҮ

№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.

Бишкекте 1 тонна көмүрдүн баасы 3 миң сомго түштү. “Кыргыз көмүр” ишканасы 16-ноябрда тараткан маалыматка таянсак, Мурманская көчөсү, 1Б/1 дарегиндеги көмүр базасында көмүр аталган баада сатылып баштады. Бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана көмүр сатылары, бул чектөө 1-декабрдан кийин алынары айтылды. Башка аймактарда да көмүрдүн баасы жакын арада 3 миң сомго түшөрү белгиленет маалыматта.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашоочулар менен жолугуп, анда көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшөт деп билдирген. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев көмүрдү ташып келүүгө министрлик өкмөттөн унааларды сураганын, буга байланыштуу бааны 3 миң сомго түшүрүү реалдуу экенин айткан эле. Көмүр жетиштүү экенин, аны ташып келүү көйгөй жаратып жатканын айтат Бекмурзаев.

Аталган даректе кардарлардын узун кезеги пайда болду (16-ноябрга карата). Бир адамга 1,5 тоннадан гана көмүр сатылууда.

Көмүрдү 3 миң сомдон сатуу реалдуу болсо, анда буга чейин бааны негизсиз кымбаттатып элди эзип келген деп кимдир бирөөлөр жазага тартылышы керекпи? Президент өзү айткан “көмүр мафиясы” жоопкерчилик тартабы?

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо