КАЙГЫЛУУ ОКУЯЛАР САБАК БОЛО ЭЛЕК: КЫЗ АЛА КАЧКАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

№989 18-24-ноябрь, 2021-ж.

Ош шаарынан Жалал-Абад облусуна кыз ала качкан 5 жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

– 11-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынан 2000-жылы туулган кызды белгисиз жигиттер кара түстөгү унаага салып, белгисиз тарапка ала качып кетишкен. Бул окуя боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында "Колго түшүрүү" планы ишке киргизилип, бардык жакка багыттамалар берилген. Көп өтпөй Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан кызды ала качып бара жаткан жигиттер кармалды,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган жигиттер Ош ШИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Кызды Аксы районуна ала качып бара жатышкан деп айтылды.

Кыз ала качуу боюнча акыркы жылдары 2 окуя коомчулукта резонанс жараткан. Алар ала качуунун, милициянын шалаакылыгынын түздөн-түз курмандыгы болушкан Бурулай Турдали кызынын жана Айзада Канатбек кызынын окуялары. Ушундай окуялардан кийин дагы ала качуу деген жосунсуз жоруктун уланып жатканы өкүнүчтүү. Ала качуу – кылмыш экени элдин калың катмарына толук жете элек сыяктанат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо