ЮНЕСКО МӨҢГҮЛӨРДҮ САКТОО БОЮНЧА КЫРГЫЗДЫН ДЕМИЛГЕСИН КОЛДОДУ

№990 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.

ЮНЕСКО уюму мөңгүлөрдү сактоо жаатында Кыргыз өлкөсү көтөргөн демилгени колдоду. Тагыраагы, уюмдун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргыз өлкөсү демилгелеген “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу 24-ноябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул демилге президент
Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында жарыяланган эле.

Маалыматка таянсак, Кыргыз өлкөсүнүн резолюциясына Орусия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Испания, Аргентина, Түштүк Корея, Италия, Беларусь, Казакстан, Исландия, Улуу Британия, Австрия жана башка ЮНЕСКОнун мүчө өлкөлөрү демөөрчүлүк кылышкан.

– Резолюциянын негизги максаты – келечек муундарды туруктуу өнүктүрүү принциптеринин негизинде коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрө менен камсыз кылуу, ошондой эле 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү, изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө,- деп айтылат маалыматта.

Акыркы жылдары экологдор Кыргыз өлкөсүндөгү көп кылымдык мөңгүлөр жок болуп кетүү коркунучуна кептелгенин айтып коңгуроо кагып келишет. ЮНЕСКО тоо мөңгүлөрүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүүгө байланышкан маселелерди чечүүгө эл аралык коомчулукту бириктире алат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо