БЕНЗИНДИН БААСЫН ЭМИ МАМЛЕКЕТ ӨЗҮ АНЫКТАЙБЫ?

№990 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.

Өлкөдө бензиндин баасы күн санап кымбаттап, тартыштык байкалууда. Буга байланыштуу Экономика жана каржы министрлиги күйүүчү майдын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштап, сунуш коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу аталган министрликтин кызмат көрсөтүү рыногу башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов билдирди.

– Атайын мыйзамда каралгандай, сатылуучу баанын жогорку деңгээли 20 пайызга өсүп кеткен учурда мамлекет майдын баасын өзү аныктайт. Көзөмөл дизель майы жана Аи-80, Аи-92 үлгүсүндөгү бензинге киргизилет. Баага болгон чек республикада өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда киргизилет жана 90 күнгө коюлат,- деди Маматов.

Буга чейин Кыргызстанда бензин дагы 7 сомго, дизель майы 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экендиги жана ага дүйнөдөгү мунайдын кымбатташы себеп болуп жаткандыгы айтылган эле. Мунай ташуучулар жыл аягына чейин жетерлик күйүүчү май бар экенин, ал эми баалар боюнча божомол айтуу кыйын экенин маалымдашкан.

Жаңы жылдан кийин Орусияда токтоп турган 2 мунай заводу кайра ишке киргизилери, мындан улам баалар арзандашы мүмкүн деген да маалыматтар айтылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо