БИР БҮРКҮМ. КЕЛДИБЕКОВ СУРАККА ЧАКЫРЫЛДЫ...

№991 3-9-декабрь, 2021-ж

  • 1-декабрдан тарта Кыргыз өлкөсүнө кирүүдө милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат, бул коронавирустун жаңы Омикрон штаммын жайылтпоо аракети.
  • Кыргызстанда учурда 17 тоо-лыжа базасы иштейт.
  • Бишкекте 1 аптада айдоочулар тарабынан 5194 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
  • Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды.
  • Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду.
  • Саясатчы Максат Кунакунов 29-ноябрда УКМКга суракка чакырылды.
  • 1-декабрда президент Садыр Жапаров ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узартууга жол ачкан мыйзамга кол койду.
  • Түштүк Корея кыргыз студенттери үчүн бөлүнгөн квотаны көбөйттү, ал 36 орунду түзөт.
  • Кыргызстанда кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн.
  • 10-декабрда Бишкекте орус тили мугалимдеринин эл аралык форуму өтөрү айтылды.
  • 2022-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө жакыр үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн азыркыдай 77 тыйын эмес, 50 тыйындан төлөп башташары маалымдалды.
  • Таалайбек Усубалиев коргоо министринин орун басары болуп дайындалды.
  • 1-декабрда "Азаттык" партиясынын лидери Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды.
  • Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнөн өрт чыгып, 24 жаштагы кыз жабыркады.
  • 1-декабрда Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Тажикстан жарандары тарабынан сабалганын Баткен районунун акими билдирди.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин балдары үчүн бала бакча ачарын жарыялады.
  • Кыргызстандан ЕАЭБдин аймагынан тышкары жыгач жана жыгач материалдарын ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди.
  • Элвира Сурабалдиева кайра шайлоо өтө турган Бишкектин Биринчи Май районунан парламент депутаттыгына ат салыша турганын билдирди.
  • Министрлер кабинети Бишкектин ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундардын 47,7 гектар жер тилкесин мыйзамдаштырды.
  • Бишкек жана Ош шаарларында жаңы жылдык башкы балатыны орнотуу иштери башталды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо