ЖҮГӨРҮ МАЙЫ БЫРЫШТАРДАН АРЫЛТАТ

№991 3-9-декабрь, 2021-ж

Жүгөрү майы жогорку калориялуу май, 100 граммында 900 килокалорий бар. Бирок ага карабай жеңил сиңет. Курамында каныккан жана каныкпаган май кычкылдары, лецитин, бета-каротин, фосфор, E жана A витамини жана башкалар бар. Зайтун майына караганда E витамини эки эсе көп.

Жүгөрү майынын негизги 2 түрү бар: рафинаддалган (тазаланган) жана рафинаддалган эмес. Ошондой эле маркаларга ээ. Мисалы, Д маркасындагылар диеталык жана балдар азыктарын даярдоодо колдонулат. П маркасындагылар тамак-аш үчүн колдонууга чыгарылат.

Майды атайын ишканаларда дандан кургак жана нымдуу ыкмалар менен сыгып алышат.

АШКАНАДА

Рафинаддалбаган түрү көп колдонулат, анткени анда майга тиешелүү жыт жок. Салат, майонез, тамак-аш жасалат.

Тамак-ашка пайдаланганда, башкача айтканда, ысыганда зыяндуу канцероген заттары жаралбайт жана башка майларга караганда аз коройт.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА

Ооздун эки жагы кесилип кеткенде сүйкөсө бат айыгат. Муну курамындагы E витамини шарттайт. Эгер майды дамамат колдонсо ичеги-карындын, боордун иштеши, зат алмашуу жакшырат. Жүрөк-кан тамыр системине, жыныстык органдарга да жакшы таасир этет. Жаралардын тез айыгышын шарттайт, псориазда да колдонулуп жүрөт. Кандагы зыяндуу холестериндин өлчөмүн азайтат, канды суюлтуп, кандын уюшунун алдын алат.

КОСМЕТОЛОГИЯДА

E витамини теридеги майда бүдүрлөрдөн, жаңы жаралган тактардан арылтат, сезгенүүнү кетирет. Теридеги нымды сактап, бырыштарды жазып, терини жылмакай кылат. Май бардык типтеги терилерге жарай берет. Помада коёрдо эринге жүгөрү майын сыйпаса эрин оңой менен жарылбайт. Майга жумуртканын сарысын, балды кошуп маска койсо беттин териси жакшырат.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо