-

ӨКМ: 11 айда өрт кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп катталды.
-
Бишкек мэриясы: Быйыл Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтында майрамдык фейерверк атылбайт, себеп – экологиялык абалды ого бетер начарлатпоо.
-
Шарабидин Токтосунов Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалды.
-
20-декабрдан тарта Екатеринбург-Тамчы аба каттамы ачылат.
-
Кербен жана Кара-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары шайланды.
-
Социалдык фонд: Пенсияларды көтөрүүгө 2022-жылга 770 миллион сом каралууда.
-
“Унаа” мамлекеттик ишканасы Ички иштер министрлигинин карамагына өттү.
-
Баткендин Исфана шаарында 32 жаштагы келин уурулук кылмышына шектелип кармалганы маалымдалды.
-
Улуттук статистика комитети: Өлкөдө 9 айда 28 965 киши каза тапты.
-
БШК: Бир мандаттуу шайлоо округдарынан 5 пайыздан ашык добуш алган талапкерлерге күрөөгө койгон акчасы кайтарылып берилет.
-
Жалал-Абад шаарында 8-декабрь күнү 17 жаштагы кызды ала качкан 27 жаштагы жигит кармалды.
-
8-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 848 миллион метр кубду түздү.
-
Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн 7-декабрда 71 миллион 300 миң доллар сатты.
-
2020-жылы жарык дүйнөгө келген ар бир бешинчи ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөнү расмий маалымдалды.
-
"Түндүк электр" ишканасы карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгын өчүрөт.
-
Милициянын кайгуул кызматы: Автоунаалардын алдынкы каптал айнектерин караңгылатып жүргөндөргө 5500 сом айып салынат.
-
Бишкектин Октябрь РИИБинин кызматкери бирөөнү 135 миң долларга алдап кеткен деп шектелип, издөө жарыяланды.
-
Бишкекте 3-декабрь күнү 2 мектеп окуучусун ит тиштеп алып, окуя боюнча териштирүү жүрүүдө.
-
Бишкектеги жаңы конуштарда документи жок 7227 үй бар экени айтылды.
-
Түркиянын Измир шаарында 6-декабрь күнү Кыргыз жараны төрөттөн көз жумду.
-
БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов отставкага кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду.