ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ 6 ПАРТИЯ ӨТТҮ, КИМ СПИКЕР БОЛОТ?

№992 10-16-декабрь, 2021-ж

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо берилген добуштарды кол менен саноо аяктады. БШКнын маалыматына таянсак, 5 пайыздык босого чегин 6 партия ашып өттү. Добуштар 100 пайыз эсептелгенден кийин “Ата Журт Кыргызстан” 17,30 пайыз, “Ишеним” 13,62 пайыз, “Ынтымак” 10,99 пайыз, “Альянс” 8,33 пайыз, “Бүтүн Кыргызстан” 7,03 пайыз, “Ыйман нуру” 6,15 пайыз добуш алганы жарыяланды. Мындан тышкары бир мандаттуу округдан 34 талапкер депутат болот. 2 шайлоо округунда “баарына каршы” пункту эң көп добуш алгандыктан жеңүүчү аныкталбай, ал округдарда шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып кайра шайлоо өтөрү күтүлүүдө.

Парламентте “Ата Журт Кыргызстан” партиясына 15 мандат, “Ишенимге” 12, “Ынтымакка” 9, “Альянска” 7, “Бүтүн Кыргызстанга” 6, “Ыйман нуруна” 5 мандат тиери күтүлүүдө. “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан эң көп добушту Бакыт Төрөбаев, “Ишенимден” Медер Алиев, “Ынтымактан” Эрулан Көкүлов, “Альянстан” Чыңгыз Айдарбеков, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров, “Ыйман нурунан” Нуржигит Кадырбеков алганы белгилүү болду.

Азыркы тапта Жогорку Кеңешке ким спикер болот деген маселе көпчүлүктү кызыктырууда. Тар чөйрөдө төрага болот деп Бакыт Төрөбаевдин жана бир мандаттуу Аксы округунан шайланган Нурлан Шакиевдин, "Ынтымактын" лидери Марлен Маматалиевдин аттары аталууда. Тең салмактуулук болуш үчүн спикерликке Адахан Мадумаров шайланышы керек деген да пикирлер айтылып жатат.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо